Кытайдан Кыргызстанга 3 тонна күрүч киргизилген жокАба ырайы өзгөрүлмөлүү болуп, температура кескин айырмаланат: 24-августка каратаТаласта курулуш министри Орунтаев подрядчы менен кайым айтыштыКыргызстан Борбор Азиянын климаттык стратегиясынын катчылыгын Бишкекте жайгаштырууну сунуштадыМинфин менен АӨБ 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында долбоорлордун ишке ашырылышын талкууладыКүн күркүрөп, жаан жаап, шамал күчөйт: 23-августка карата аба ырайы
Кыргыз-орус энергетика министрлери жолугушту
24.02.2021 | 18:07
24-февралында, президент Садыр Жапаровдун Орусияга болгон иш сапарынын алкагында, Кыргызстандын энергетика жана өнөр жай министри К.Турдубаевдин Орусиянын энергетика министри Н.Шульгинов менен эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу аталган өлкөдөгү Элчиликтин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө, тараптар энергетика тармагындагы, анын ичинде Кыргызстандагы гидроэнергетикалык объектилердеги кыргыз-орус кызматташтыгынын учурдагы абалын, ошондой эле эки тараптуу кызматташууну тереңдетүүнүн жана өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашкан.
Өз ара пайдалуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин илгерилетүү боюнча тыгыз байланыштарды улантууга кызыкчылыктарын билдирилгени айтылат.
