Кыргыз-өзбек чек арасынан 138 миң доллар менен үч жаран кармалды

Кыргыз-өзбек чек арасынан 138 миң доллар менен үч жаран кармалды

2022-жылдын 19-октябрында «Достук-автодорожный» өткөрүү пунктунун чек арачылары Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери менен биргеликте чек арадан мыйзамсыз акча алып өтүү боюнча эки фактыны аныкташты. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 19-октябрь күнү эртең менен саат 10:00дө “Достук-автодорожный” постуна КРнын 1982-жылы туулган эки жараны А.А. жана 1984-жылы туулган Э.Э. Кыргызстандан Өзбекстанга бара жаткан.

Чек ара жана бажы көзөмөлүнөн өтүү учурунда жарандардын сумкаларынан чет элдик валютадагы каражаттар табылган. Кармалган каражаттардын жалпы суммасы 120 000 долларды түздү.

Кийинчерээк саат 18:30да чек ара кезмети Өзбекстандан Кыргызстанга 18 000 АКШ доллары өлчөмүндөгү валютаны мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган Өзбекстандын 1992-жылы туулган Б.Ф. аттуу жараны кармалган.

Жарандар республиканын бажы мыйзамдарынын айланасында акча каражаттарын декларациялоосуз алып өтүүгө аракет кылышкан.

Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин эки учурда тең кармалган жарандар жана каражаттар кошумча иликтөө иштерин жүргүзүү үчүн компетенттүү органдардын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>