Кыргыз-тажик чек арасы: Кошумча күчтөрдү тартпоого макулдашылды

Кыргыз-тажик чек арасы: Кошумча күчтөрдү тартпоого макулдашылды

12-апрель күнү кыргыз-тажик чек арасындагы “Кызыл-Бел” – “Гулистон” өткөрүү пунктунда чек арадагы акыркы кырдаалды талкуулаган  эки тараптуу жолугушуу өткөрүлдү. Бул туурасында президенттинБаткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы

Маалыматка караганда, Жолугушууга президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, Тажикстандын Согди облусунун башчысы Раджаббой Ахмадзода менен биргеликте эки тараптын тиешелүү жетекчилери жана облустун күч түзүмдөрүнүн башчылары, Баткен жана Лейлек райондорунун акимдери катышты.

Эки тараптуу жолугушуунун жүрүшүндө, кыргыз-тажик чек арасында чыр чатактарды алдын алуу, болтурбоо жана чек аралаш аймактардагы соңку учурда орун алган окуялар жана аларды чечүү жолдору талкууланды.

Сүйлөшүүнүн натыйжасында:

1)  Чек арага жакын жайгашкан айылдардын сугат суу, жазгы талаа жана чарбачылык маселелери боюнча атайын эки облустун биринчи орун басарларынын жетектөөсүнүн астында  суу чарба кызматкерлеринен турган комиссия түзүлдү. Аталган комиссия эртең 13-апрелде Лейлек районунун аймагында жолугушуп, өз жумуштарын башташат.

2) Чек арага жакын жайгашкан айылдарда коомдук тартипти сактоо маселеси боюнча биргеликте иш алып баруу дагы сүйлөшүлдү.( милиция кызматкерлери жана жергиликтүү бийлик тургундарга түшүндүрүү иш чараларын байма-бай жүргүзүп, эки элдин ортосунда чагымчыл аракеттерди болтурбоо боюнча биргеликте кызмат өтөө)

3) Ошондой эле чек арага жакын аймактарга кошумча күчтөрдү тартпоо  макулдашылды.

 

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>