Кыргыз-тажик чек арасында эки өлкөнүн жарандары мушташып, асманга ок атылды

Кыргыз-тажик чек арасында эки өлкөнүн жарандары мушташып, асманга ок атылды

Бүгүн, 3-декабрда мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде Тажикстан менен Кыргызстандын жарандарынын ортосунда чыр-чатак болгонун УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Сомониен айылы аркылуу Дахма айылын көздөй бара жатып, Кыргызстандын жараны М.Н. жана Тажикстандын жарандары ортосунда чыр чыгып,  Кыргызстандын жаранына карата орой сөздөрдү айта башташкан.

“Мындан улам Кыргызстан менен Тажикстандын жарандарынын ортосунда мушташ чыгып, ал таш ыргытууга айланган. Чыр-чатактын күчөшүнө жол бербөө максатында Кыргызстандын жараны аңчылык куралын колдонуп, асманга үч жолу эскертүү иретинде ок чыгарган”, — деп айтылат маалыматта.

Болгон окуянын жагдайын жана себептерин тактоо үчүн учурда Баткен жана Исфара тилкелеринде Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн деңгээлинде жолугушуу өтүүдө.

Чек арадагы мушташ: Кыргыз-тажик тараптын өкүлдөрү жолукту

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>