Бул жакка эч кимди киргизишчү эмес! «Бишкек-Аренадагы» VIP-ложанын алгачкы кадрларыКыргызстан менен БУУ коопсуздук, тынчтык орнотуу багытындагы кызматташтыкты тереңдететСадыр Жапаров Түштүк Кореяга расмий сапар менен баратЖаратылыш ресурстары министрлиги калдыктарды кайра иштетүүчүлөрдүн реестрин түзүп, лицензиялоо иштерин жүргүзүүдөБул күндү бүткүл дүйнөнүн жаштары күткөн!Бишкектин Кронштадт көчөсү унаа кыймылы үчүн ачылды
Кыргыз-Тажик чек арасында кайрадан ок атылды
24.05.2020 | 17:23
Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында 24-май күнү чыр чыгып, ок атылды.
Окуя Ак-Сай айылы менен Тажикстандын Ворух айылы чектешкен Сунган-Баба деген жайлоодо түш ченде болгону аныкталды.
Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлагандай, Тажикстандын Ворух анклавындагы жашоочулар Кыргызстандын аймагына мал-жандык жаюуга аракет кылган, кыргыз аскерлери ага жол берген эмес.
Тажик тараптан белгисиз адамдар чек арачыларды көздөй ок аткан. Анын артынан эки өлкөнүн жоокерлери атышкан. Кыргыз тараптан эч ким жабыркаган эмес. Тажикстандыктар арасында жараат алгандар бар-жогу тууралуу маалымат айтыла элек.
Саат 12:20да чатак чыккан аймакта кыргыз жана тажик чек ара өкүлдөрү жолугушту. Эки тарап тең фактыны териштирүүдө.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар