Наристе даараткананын чуңкуруна кулап каза болдуТүркияда деңиз жээгинен кыргызстандык жарандын сөөгү табылдыБишкектеги №24 мектепте миллион сомдук акча чогултуу боюнча кылмыш иши козголдуИран менен АКШнын ортосундагы 14 пункттан турган меморандумдун долбоору жарыяланды — толук маалыматСауна, мончо жана тамактануучу жайлар үчүн салык ставкасы төмөндөтүлөтУнаалардын алдыңкы каптал айнектерин караңгылатуу акысы бир айга арзандады
Кыргыз-тажик чек арасында ок атылды
02.12.2021 | 09:45
Кыргыз-тажик чек арасында ок атылды. Бул туурасында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Кыргыз-тажик чегиндеги Дахма аймагында ок атылган. 1-декабрда кечки саат 9дан өткөндө мамлекеттик чек аранын шарттуу тилкесинде Тажикстан тараптан белгисиз бирөөлөр болжол менен аңчылык мылтыгынан 7-8 жолу ок атышкан.
Окуя болгон жерге Кыргызстандын жана Тажикстандын чек ара бекеттеринин жетекчилери келип, мылтык аткандарды чогуу издөөнү макулдашкан. Күч органдарына да кабар берилген.
2-декабрь саат тогузга алынган маалымат боюнча абал тынч.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат