Жааган кардан улам Нарын жана Ысык-Көл облустарында майда мал өлдү

08.06.2026 | 17:53
Кар жаап жаткан жайлоодогу мал

Нарын облусунун Ат-Башы жана Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз райондорунда аба ырайынын кескин сууктап, калың кар жаашынын кесепетинен майда малдын өлүмү катталды.

Айыл чарба министрлигинин маалыматы боюнча, мал өлүмү жугуштуу ооруларга байланыштуу эмес. Ага жүнү кыркылып, жайлоого айдап чыгарылган малдын кескин суукка туруштук бере албаганы себеп болгон.

Мекеме учурда жергиликтүү бийлик органдары жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адистери тарабынан жайлоолорго тоют үзгүлтүксүз жеткирилип жатканын билдирди.

Ошондой эле өлгөн малдын тарпы атайын унаалар менен айыл аймактарына ташылып келинип, ветеринардык-санитардык талаптарга ылайык жок кылынып жатканы айтылды. Мамлекеттик органдар кырдаалды көзөмөлгө алып, малдын абалына туруктуу мониторинг жүргүзүп жатышат. Эпизоотиялык абал туруктуу деп бааланууда.

Scroll to Top