Чүй — Гоголь кесилишиндеги жол кырсыгы: Mercedes жөө жүргүнчүлөрдү сүзүп, беш адам жабыркадыАт майдан, арена жана Кырчын: Адылбек Касымалиев ДКӨгө даярдыкты текшерди — сүрөтӨКМ: Бишкектин борборундагы курулушта чыккан өрт өчүрүлдү — жабыркагандар жокБишкектеги «Ырыс Ордо» конгресс-холлунун курулушу аяктап калдыБишкектин борборунда курулуп жаткан имараттан өрт чыкты — видеоИндонезиядагы жер титирөө: каза болгондордун саны 20га жетти
Кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышууда кыргыз жоокери жарадар болду
06.08.2020 | 10:13
Кыргыз-тажик чек арасында атышуу болуп, бир адам жаракат алды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуя бүгүн 6-августта таңкы саат 5:00дөр чамасында Баткен районунун Эки-Таш аймагында орун алган. Анда Тажикстан тараптан кыргыз чек арачыларына карата белгисиз адамдар ок чыгарып, бир аскер кызматкери жарадар болгон. Алдын ала болжолдоолорго караганда ок мергенчилик куралдан атылган.
Маалыматта ок тийген чек арачыга ыкчам медициналык жардам көргөзүлүп, анын учурда абалы орточо экендиги айтылат.
Учурда бул окуя боюнча эки мамлекеттин чек арачыларынын ортосунда сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, тактоо иш-аракеттери башталган.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар