Кыргыз-тажик милициялары коопсуздукту чогуу сактоодо

Кыргыз-тажик милициялары коопсуздукту чогуу сактоодо

Кыргыз-тажик милициялары чек арага чектеш Лейлек районунун Максат, Арка-2, Жаштык, Борбордук, Достук айылдарында жана Согди облусунун Б.Расулов районуна чектеш аймакта биргелешкен кайгуул иштерин жүргүзүүдө. Бул туурасында Баткен облустук милициядан кабарлашты.

Маалыматка караганда, Жаңы-Жер айыл аймагына караштуу Арка-2, Жаштык, Борбордук, Достук айылдарында, Кулунду айыл аймагына караштуу Максат айылдарында жергиликтүү элдердин коопсуздугун камсыздоо максатында, күнү-түнү кайгуул посттору коюлуп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Ушуну менен эле бирге Баткен облустук жол кайгуул кызматкерлери жеринде жол кыймылынын коопсуздугун, унаалардын үзгүлтүксүз каттамын камсыздоодо.

Учурда кыргыз-тажик чектешкен аймакта абал туруктуу.

Окуя болгон жерде кечээ күндөн бери Баткен ОИИБы жетекчиси милициянын полковниги Мурат Боронов жергиликтүү ИИО кызматкерлери менен коомдук коопсуздукту камсыздоо иш-чараларын көзөмөлдөөдө.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>