Бүгүн, 31-мартта Худжанд шаарында Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын президенттери үч мамлекеттин чек араларынын кесилишкен чекити жөнүндө келишимге жана түбөлүк достук жөнүндө Худжанд декларациясына кол коюшту. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Ошондой эле президенттер өлкөлөр кесилишкен жерде орнотулган символикалык стеланын ачылыш аземине онлайн түрдө катышышты. Ал эми Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, ошондой эле Тажикстан жана Өзбекстан Республикасынын премьер-министрлеринин орун басарлары лентаны кесип, стеланы жеринде расмий ачышты.
«Стела элдердин достугун чагылдырып, чек ара маселелери биротоло чечилгенден кийин өлкөлөр ортосундагы кызматташтыктын, ишенимдин жана ынак коңшулуктун жаңы доорун билдирет»,- деп айтылат маалыматта.