Көзөмөлдөө үчүн мектептердин окуу китептерине QR-коддор коюлушу мүмкүн

16.09.2026 | 15:52
Көзөмөлдөө үчүн мектептердин окуу китептерине QR-коддор коюлушу мүмкүн — Новости Кыргызстана

Мектептер үчүн басылып чыга турган ар бир окуу китебине QR-коддор коюлушу мүмкүн. Бул маселе бүгүн, 16-сентябрда, агартуу министринин орун басары Надира Джусупбекова, «Окуу китеби» басма үйүнүн» директору Төлөгөн Аматов, «Учкун» ААКтын жетекчиси Бакытбек Султановдцн жана Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешевдин жолугушуусунда талкууланган.

Агартуу министрлигинин маалыматында, QR-код китептердин кайсы аймакка, кайсы мектепке жана класска берилгендиги тууралуу маалыматты аныктоого мүмкүндүк берет. Мындан тышкары, код аркылуу окуучулар менен мугалимдерге китептин мазмунуна байланыштуу электрондук материалдар жана санариптик ресурстар жеткиликтүү болот.

Жолугушуу депутат Дастан Бекешевдин Жогорку Кеңештин отурумунда мектептерде окуу китептери жетишсиз болуп жаткан учурда алардын базарларда сатылышы боюнча кайрылуусунан кийин уюштурулган.

Жыйында ошондой эле окуу китептерин басып чыгарууну каржылоо маселелери да талкууланды. Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев китептерди басып чыгарууга каражат маселесин чечүүгө көмөк көрсөтүүгө даяр экенин билдирген.

Эске салсак, Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин тапшырмасы менен өлкө боюнча укук коргоо органдары базарларда мектеп окуу китептерин сатуу фактылары боюнча текшерүү иштерин башташканы айтылган.

Scroll to Top