Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдын курчушуна байланыштуу Израиль жана Ливанга баруу кооптуу. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Аталган өлкөлөрдө жашаган кыргызстандыктарга кырдаал турукташканга чейин жеке коопсуздук чараларын күчөтүү сунушталды.
Ыкчам байланыш үчүн номурлар:
Кувейттеги элчилик — 96525359951;
Түркиядагы элчилик — 905456896800;
Консулдук департамент — 996 999 312002.