Венчурдук каржылоо. Стартаптар үчүн жаңы мүмкүнчүлүкпү же тобокелдикпи?Министрлер кабинетинин төрагасы Балыкчыдагы шаардык ооруканага барып, бир катар тапшырмаларды бердиКыргызстанда жеңил өнөр жайындагы өндүрүштүн көлөмү 2025-жылы 25 млрд сомго жеттиКытай АКШны Си Цзиньпин менен Трамптын келишимдерин бузду деп айыптадыАлкоголь өспүрүмдүн мээсине жана организмине кандай таасир этет — дарыгерлердин түшүндүрмөсүБишкекте эл аралык кинофестиваль жыйынтыкталды: жеңүүчүлөрдүн ысымдары
“Кыргызалтындын” дүкөнү бир айда 50 млн сомго алтын сатып, 3 млн сом киреше тапты
10.10.2024 | 14:13
“Кыргызалтын” компаниясынын Бишкекте 5-сентябрда ачылган дүкөнү бир айдай убакытта 50 млн сомго алтын куйма сатты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайый, бүгүн, 10-октябрда президент Садыр Жапаров аталган дүкөнгө барган.
Президентке кабарлангандай, 5-сентябрдан бери дүкөн 50 млн сомго алтын куйма сатып, таза кирешеси 3 млн сом болгон.
“Кыргызалтындын” дүкөнүнөн алтын куйманы бардык каалоочулар, анын ичинде чет элдиктер да сатып ала алат.
Садыр Жапаров алтындын баасы жыл сайын өсүп турарын айтып, өлкөдөгү бай адамдарды алтын сатып алууга чакырган.
Алтын куймаларды саткан дүкөн “Абдумомунов көчөсү, 195” дарегинде жайгашкан. Ал экинчи күндөн алтынчы күнгө чейин иштейт.

Рубрики: Жаңылыктар, Коом