Кыргызстандын элчилиги Орусия ТИМине нота жөнөттү: кыргызстандык алдамчылыкка кабылганБир жылда 304,9 миң кыргызстандык насыя алууга өзүнө-өзү тыюу салуу кызматынан пайдаланганДастан Бекешев: Бишкектеги күркөлөргө тыюу салуу ири соода түйүндөрүнө гана пайдалууКриштиану Роналду Португалия курамасындагы карьерасын аяктаганын жарыяладыКыргызстандагы баштапкы медициналык жардамды өнүктүрүүгө 15 млн доллар бөлүнөтАлдамчылыкка айыпталган жаран Грузияда кармалып, Кыргызстанга экстрадицияланды
«Кыргызкөмүр» ишканасына жаңы директор дайындалды
01.05.2023 | 13:29
Молдокматов Максатбек Бектемирович Энергетика министрлигине караштуу «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын башкы директору болуп дайындалды.
Аны дайындоо жөнүндө буйрукка 24-апрелде министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.
«Кыргызкөмүр» ишканасынын сайтында жарыяланган маалыматка караганда, Максатбек Молдокматов буга чейин ишкананын башкы директорунун орун басары кызматын аркалап келген.
Буга чейин ишкананы Орозбаев Марат Төлөгөнович жетектеп келген.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом