Кыргызстан 31 жылда жол курууга 2,5 млрд доллар тышкы жардам алган

Кыргызстан 31 жылда жол курууга 2,5 млрд доллар тышкы жардам алган

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин 27-февралдагы жыйынында Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин долбоорлорун каржылоо үчүн алынган кредиттердин жана гранттардын колдонулушу боюнча маселе каралды.

Жыйында аталган маселе боюнча маалымат берген транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Талантбек Солтобаев эгемендүүлүк алган жылдардан бери жол тармагына 2 млрд 571 млн долларга жакын тышкы жардам (анын ичинен кредиттер – 2 млрд 265 млн АКШ доллары, гранттар – 305,83 млн АКШ доллары) алынган.

“Бул бөлүнгөн каражаттар аркылуу 2809 чакырымга созулган эл аралык жана республикалык маанидеги автомобиль жолдору реконструкцияланып, салынган.  Анын 2100 чакырымга жакыны бүткөрүлүп, 700 чакырымдайы жасалууда”, — деди орун басар.

Талкуу маалында депутат Айбек Осмонов Ош — Араван жолун реабилитациялоо маселесине токтолсо, депутат Эрулан Кокулов курулуш иштеринин сапатына жана подряддык компаниялардын жоопкерчилигин күчөтүүгө чакырды.

Депутат Жылдыз Таалайбек кызы Бишкек-Кара-Балта жолун реконструкциялоодо курулуш иштеринин баасы кымбат экенин айтып: “1 чакырым жолдун баасы 1,5 млн АКШ долларын түзөт, ал эми кепилдик мөөнөтү болгону 5 жыл”, — деди.

Андан тышкары, депутат Улан Бакасов Бишкек — Нарын — Торугарт жолунун кепилдик мөөнөтү тууралуу сурап, жолдун айрым тилкелерин реабилитациялоо жакында эле бүткөрүлгөнүнө карабай, талкаланып, оңдоону талап кылып жатканын билдирди. Муну менен катар депутат Түндүк-Түштүк альтернативалык жолунун курулушунун жүрүшүнө кызыкты.

Ошондой эле депутаттар бюджеттик жана инвестициялык каражаттарды сарамжалдуу пайдалануу жана жолдорду бекитилген мөөнөттө бүткөрүү, жолдорду курууда жана реконструкциялоодо сапатты камсыздоо маселелерин көтөрүштү. Мындан сырткары, комитет мүчөлөрү жолдорду куруу жана реконструкциялоо иштерине ата мекендик компанияларды подрядчы (субподрядчы) катары тартууну сунушташты.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>