Кыргызстан БАЭге төө буурчак, эт, балды көбүрөөк экспорттоого даяр

Кыргызстан БАЭге төө буурчак, эт, балды көбүрөөк экспорттоого даяр

Кыргызстан Бириккен Араб Эмираттарына бир катар азык-түлүктөрдү экспорттоонун көлөмүн көбөйтүүгө даяр. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Акылбек Жапаров БАЭге болгон иш сапарынын алкагында  Абу-Даби шаарында өткөн Экономикалык кызматташуу боюнча биргелешкен өкмөттөр аралык кыргыз-эмират комиссиясынын 2-пленардык жыйынына катышты.

Анда Акылбек Жапаров кыргыз-араб экономикалык кызматташтыгы жаңы демге ээ болгонун айтып, мунун далили катары интенсивдүү өз ара сапарлар, бизнес форумдар жана ишкер жолугушуулар, анын ичинде Кыргызстанда 100 млн АКШ доллары уставдык фонду менен биргелешкен холдинг компаниясын түзүү жөнүндө макулдашуу саналарын белгиледи.

Эки өлкөнүн бизнес чөйрөлөрү жеке байланыштарды түзүп, кызматташуунун келечегин талкуулашты. Соода-экономикалык өз ара аракеттенүүнү активдештирүү боюнча конкреттүү кадамдар белгиленди.

Акылбек Жапаров кошумчалагандай, 2019-2021-жылдар аралыгында Кыргызстан Бириккен Араб Эмираттары менен соода жүгүртүүсү – 2,9 эсеге, анын ичинде экспорт – 5,4 эсеге, ал эми импорт 10,2%га өскөн.

«Өткөн жылы эки тараптуу сооданын көлөмү дээрлик 70 млн АКШ долларын түзсө, үстүбүздөгү жылдын 8 айында 69 млн АКШ долларын түздү. Биз бул жагымдуу динамиканы сактап гана тим болбостон, аны мындан ары да бекемдөө үчүн биргелешип иш алып баруубуз керек», — деп белгиледи министрлер кабинетинин башчысы.

Ал ошондой эле Кыргыз Республикасы БАЭге эт азыктарын, экологиялык жактан таза жашылча-жемиштерди, бал, кургатылган мөмө-жемиштерди, төө буурчакты, консерваланган продуктуларды жана кийизден жасалган буюмдарды жеткирүү көлөмүн жогорулатууга даяр экендигин белгиледи.

Министрлер Кабинетинин башчысы энергетика тармагын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруп, энергетика тармагына түз инвестиция тартуу, ГЭСтерди куруу жана энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү жаатында кызматташууну мындан ары да арттырууга кызыкдар экендигин билдирди.

Андан соң Кыргызстандын жана БАЭнин бир катар мамлекеттик органдарынын жетекчилери кызматташуунун артыкчылыктуу багыттары боюнча бетачар форматындагы кеңейтилген маалыматтарды сунуштады.

Экономикалык кызматташуу боюнча биргелешкен өкмөттөр аралык кыргыз-эмират комиссиясынын 2-пленардык кеңешмесинин жыйынтыгы боюнча жыйынтык протоколго кол коюлду.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>