Кыргызстанда жыл башынан бери 93 мыйзамсыз таштанды жайы жабылдыКыргызстанда үч жылда баалар дээрлик 22% кымбатташы мүмкүнМинистрлер Кабинети 2027-жылы Кыргызстандын ИДПсы 2,7 трлн сомго жетерин болжолдоодоТокмокто улгайган аялды өлтүрүүгө шектелип 28 жаштагы эркек киши кармалдыКР Министрлер кабинети алюминий сыныктарын, анын ичинде ЕАЭБге чыгарууга тыюу салууну сунуштоодоБишкек мэри Жапаровдон эмне үчүн тил укканы жана президент менен туугандыгы тууралуу имиштер боюнча жооп берди
Эгемендүүлүк майрамына карата Кыргызстанда 105 соцобъект жана 60 ишкана ишке киргизилет
10.09.2026 | 13:00

11-сентябрда өлкө башчы Садыр Жапаровдун онлайн форматта катышуусунда Кыргызстан боюнча 105 социалдык объект жана 60 ишкана пайдаланууга берилет. Ишканаларды ачуу аземи Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгына карата уюштурулууда.
Ошондой эле 11-сентябрда Эгемендүүлүк майрамы өтө турган Талас облусунда да бир катар ишкана жана объектилердин ачылышы өтөт. Ага Садыр Жапаров жеке өзү катышат.
Бүгүн, 10-сентябрда, Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Талас облусунда ачыла турган социалдык жана инфратүзүмдүк объекттердин даярдыгы менен таанышты.