Кыргызстан менен Гонконг кош салык салууну жокко чыгарууну көздөп жатат

03.09.2026 | 16:07
Кыргызстан менен Гонконг кош салык салууну жокко чыгарууну көздөп жатат — Новости Кыргызстана

Кыргызстан Гонконг менен бир эле кирешеге жана капиталга эки жолу салык төлөөгө жол бербеген эрежелерди киргизүүнү көздөп жатат. Тиешелүү макулдашууну Жогорку Кеңешке ратификациялоо сунушталды.

Жөнөкөй айтканда, документ эки аймак менен тең байланышы бар жарандарга же компанияларга тиешелүү. Мисалы, Кыргызстандагы бизнес Гонконгдо киреше табат. Атайын эрежелер жок болсо, ошол эле кирешеден салык Гонконгдо да, Кыргызстанда да талап кылынышы мүмкүн. Кош салык салууну болтурбоо жөнүндө макулдашуулар кайсы тарап кайсы учурда салык алууга укуктуу экенин аныктайт же буга чейин төлөнгөн салыкты эсепке алууга мүмкүндүк берет.

Негиздеме-маалымкатта айтылгандай, Кыргызстан менен Гонконг макулдашууга 2026-жылдын 2-мартында кол коюшкан. Кыргызстандын атынан документке экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков, Гонконг тараптан каржылык кызматтар жана казына боюнча катчы Кристофер Хьюи кол койгон.

Scroll to Top