Бишкекте жаран ур-токмоктон каза болду. Шектүүлөр кармалды

Бишкекте жаран ур-токмоктон каза болду. Шектүүлөр кармалды

Бишкекте ден соолукка оор залал келтирүүгө шектелип үч адам кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 5-декабрда болжол менен саат 09:30да «102» кызматына белгисиз адамдын сөөгү табылганы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине Ленин райондук милициясынын кызматкерлери барган. Милиция кызмааткерлери маркумдун өздүгүн тактап, ал 53 жаштагы А.А. аттуу жаран болуп чыккан. Текшерүү учурунда ал ур-токмок жегени аныкталган.

Аталган факт каттоого алынып, Кылмыш кодексинин 130-беренеси («Ден соолукка оор залал келтирүү») боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында, шектүү катары 51 жаштагы К.С., 31 жаштагы Ы.У. жана 36 жаштагы И.В. аттуу жарандар кармалган.

Ленин райондук соттун чечими менен шектүүлөр №1 тергөө абагына эки айга камакка алынган.

Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, иликтөө иштери уланууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>