Кыргызстан Бакуда балык тармагына мониторинг жүргүзүүнүн санариптик тутумун тааныштырды

21–22-майда Баку шаарында (Азербайжан) Борбордук Азия жана Кавказ өлкөлөрүнүн балык уулоо жана аквакультура боюнча эксперттеринин (CACFish) аймактык жолугушуусу өттү. КР Айыл чарба министрлигинин өкүлдөрү балык ресурстарын эсепке алуунун жана өнөр жайлык балык уулоону көзөмөлдөөнүн заманбап ыкмаларын киргизүү боюнча улуттук тажрыйбалары менен бөлүштү.
Негизги басым «Кыргыз Республикасында балык жана балык продукцияларынын изин көзөмөлдөө (прослеживаемость) тутумун иштеп чыгуу жана киргизүү» долбооруна жасалды. Бул тутум кармалган балыктар жана колдонулган жабдуулар тууралуу маалыматтарды чогултууну автоматташтырууга багытталган. Бул ички рыноктун ачык-айкындуулугун жана ата мекендик продукциянын экспорттук потенциалын жогорулатууга мүмкүндүк берет.
Сапардын алкагында делегация ошондой эле Каспий деңизине осетр балыгынын чабактарын коё берүүгө (зарыбление) катышып, азербайжандык балык чарбаларынын алдыңкы технологияларын үйрөндү. Бул тажрыйбаларды жергиликтүү суу сактагычтардын өндүрүмдүүлүгүн жана биологиялык коопсуздугун жогорулатуу максатында, аквакультураны өнүктүрүүнүн улуттук программаларына интеграциялоо (киргизүү) пландалууда.