Жергиликтүү бийликти калк менен тыгыз кызматташууга милдеттендирген жарлыкка кол коюлду

26.05.2026 | 11:03
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жарлыкка кол коюуда

Өлкө башчы Садыр Жапаров «Жергиликтүү аткаруу бийлигинин органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жарандар менен иш алып баруу натыйжалуулугун жана калктын жашоо-турмушун камсыз кылуу сапатын жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө» жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин расмий сайтында кабарланды.

Маалыматка ылайык, документ жергиликтүү бийлик органдарынын калк менен өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын арттырууга багытталган.

Жарлыкта төмөнкүдөй иш-чараларды ишке ашыруу каралган:

  • түз телефон байланыштарын өткөрүү жана «ишеним телефондорунун» ишин камсыз кылуу;
  • жарандарды көчмө жеке кабыл алууларды уюштуруу;
  • коомдук кабылдамаларды түзүү;
  • калк менен өз ара аракеттенүүнүн санариптик сервистерин жана интернет-платформаларын өнүктүрүү;
  • жарандар жана юридикалык жактар менен иштөөдө кызмат адамдарынын этикасын жана жоопкерчилигин жогорулатуу.

Мындан тышкары, КРдин Башкы прокуратурасына укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүнө карата жарандардын ЖМКлардагы жана интернет тармагындагы кайрылууларына, сын-пикирлерине туруктуу мониторинг жүргүзүү тапшырылды. Мыйзам бузуулар аныкталган учурда мыйзамдуулукту калыбына келтирүү жана күнөөлүү кызмат адамдарын жоопкерчиликке тартуу милдеттендирилди.

Scroll to Top