Улуттук банк эсептик ченди 12% деңгээлинде калтырды

26.05.2026 | 10:26
Улуттук банктын тактасы

Кыргызстандын Улуттук банкынын Башкармалыгы 25-майдагы отурумунда эсептик ченди 12% деңгээлинде калтыруу чечимин кабыл алды. Жаңы тартип бүгүн, 26-майдан, тарта күчүнө кирет.

Улуттук банктын маалыматына ылайык, 15-майга карата өлкөдө инфляция 4,7%ды (жылдык мааниде 10,9%) түзгөн. Мекеме баалардын өсүшүнө Жакынкы Чыгыштагы геосаясий кырдаалдан улам дүйнөлүк энергопродукция жана азык-түлүк рынокторундагы туруксуздук таасир этип жатканын билдирди. Мындан тышкары баалардын өсүшүнө электр энергиясына жана коммуналдык кызматтарга тарифтердин жогорулашы, салыктык реформалар жана жогорку суроо-талап таасир эткен.

Борбордук банк инфляцияны орто мөөнөттүү келечекте 5-7 пайыздык деңгээлге кайтаруу үчүн акча-кредит саясатынын катуу шарттарын сакталып жатканын кошумчалады. Ошондой эле учурда ички акча жана валюта рынокторундагы абал туруктуу деп бааланып жатканы айтылды.

Маалымат үчүн: Эсептик чен негизги индикатор болуп саналат жана бүтүндөй экономика үчүн акчанын «дүң баасын» билдирет. Бул — Улуттук банк коммерциялык банктарга насыя бере турган пайыз. Банктар калкка сунуштаган каржылык продуктулар боюнча шарттар түздөн-түз ушул сандан көз каранды.

Scroll to Top