Венчурдук каржылоо. Стартаптар үчүн жаңы мүмкүнчүлүкпү же тобокелдикпи?Министрлер кабинетинин төрагасы Балыкчыдагы шаардык ооруканага барып, бир катар тапшырмаларды бердиКыргызстанда жеңил өнөр жайындагы өндүрүштүн көлөмү 2025-жылы 25 млрд сомго жеттиКытай АКШны Си Цзиньпин менен Трамптын келишимдерин бузду деп айыптадыАлкоголь өспүрүмдүн мээсине жана организмине кандай таасир этет — дарыгерлердин түшүндүрмөсүБишкекте эл аралык кинофестиваль жыйынтыкталды: жеңүүчүлөрдүн ысымдары
Кыргызстан картошканын экспортун дээрлик эки эсе көбөйттү
19.08.2024 | 17:57
Кыргызстан быйыл картошканын экспортун дээрлик эки эсе көбөйттү. Бул тууралуу “Акчабар” жазды.
Статистика комитетинин маалыматы боюнча, быйыл январь – июнь айларында Кыргызстан чет жакка 32 миң тоннадан ашык картошка саткан. Былтыр 6 айда экспорт 16,6 миң тонна болгон.
Кыргызстан картошканы 5 өлкөгө – Өзбекстан, Азербайжан, Казакстан, Кытай жана Россияга сатууда. Алардын ичинен картошка эң көп (83%) Өзбекстанга экспорттолгон: быйыл жарым жылда 26 миң 585,1 тонна сатылган. Былтыркыга 6 айга салыштырмалуу эки эсе көп.