Кыргызстан эки жылда сырттан канча карыз алган?

Кыргызстан эки жылда сырттан канча карыз алган?

Кыргызстандын карызы 1 млрд долларга көбөйгөндүгү тууралуу социалдык тармактарда тарап жаткан маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Кыргызстан 2020 жана 2021-жылдарга өнүгүү боюнча эл аралык өнөктөштөр менен 1 126,4 млн АКШ доллары (2020-жылы 773,3 млн доллар, 2021-жылы 353,1 млн доллар) суммасында финансылык макулдашууларга кол койгон.

Анын ичинен:

358,8 млн доллар грант;

767,6 млн доллар насыя.

Белгилей кетсек, каражат негизинен ири инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга, өлкөнүн инфраструктурасын жакшыртууга, бюджетти колдоого багытталган.

Кошумчалай кетсек, акыркы маалыматтарга ылайык, мамлекеттик карыз 4 млрд 948 млн долларды түзөт. Анын ичинен 720 млн доллары ички карыз. Ал эми өлкөнүн бекитилген бюджетине караганда, үстүбүздөгү жылы мамлекеттик карызды тейлөөгө 39 млрд 528,2 млн сом жумшоо пландалууда. Тагыраагы, 26 млрд 681,5 млн сому тышкы карызды, 12 млрд 846,7 млн сом ички карызды төлөөгө сарпталат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>