Кыргызстан Глобалдык экологиялык фонддо атайын «тоо терезесин» түзүүнү демилгеледи

Кыргызстан бийик тоолуу өлкөлөрдүн эл аралык гранттарга жана жашыл технологияларга жеткиликтүүлүгүн жөнөкөйлөтүү үчүн ГЭФтин (Глобалдык экологиялык фонд) түзүмүндө атайын «тоо терезесин» (горное окно) түзүү демилгеси менен чыкты. Бул сунушту жаратылыш ресурстары министри Акыл Токтобаев Самарканд шаарында өткөн Глобалдык экологиялык фонддун VIII Ассамблеясында айтты.
Атайын фондду түзүү зарылдыгы климаттык кризистин соккусун биринчилерден болуп кабыл алган тоо экосистемаларынын аялуулугу менен шартталган. Токтобаев Тянь-Шань мөңгүлөрүн сактоо — бул бүтүндүк Борбор Азиянын экологиялык коопсуздук маселеси экенин баса белгиледи. Ички чаралар катары республика «Жашыл мурас» программасын жана калдыктарды башкаруунун 2035-жылга чейинки стратегиясын тааныштырды.
Климатты коргоо боюнча биргелешкен глобалдык чечимдерди иштеп чыгуу үчүн министр эл аралык өнөктөштөрдү 2027-жылдын октябрында Кыргызстанда өтүүчү «Бишкек+25» Глобалдык тоо саммитине чакырды. Бул форум мөңгүлөрдү сактоо жана тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү боюнча аракеттерди координациялоочу башкы дүйнөлүк аянтча болуп калары күтүлүүдө.