Кыргызстандык жаш спортчулар Казакстандагы турнирди жеңишти

Кыргызстандык жаш спортчулар Казакстандагы турнирди жеңишти

Бишкек шаарындагы адистештирилген атайын спорт мектебинин окуучулары Казакстанда өткөн турнирде 10 медаль жеңип алышты. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, оор атлетика боюнча адистештирилген балдар-өспүрүмдөрдүн олимпиадалык резервдеги спорт мектебинин тарбиялануучулары Казакстандын эмгек сиңирген машыктыруучусу В.Ю.Пактын жаркын элесине арналган ачык турнирге катышышты.

Мелдештин жыйынтыгы боюнча алар 10 медалга ээ болушту:

— Арсен Омуржанов  (55 кг салмакта) – 1-орун;
— Талант Туратбеков (67 кг салмакта) – 1-орун;
— Нурланбек уулу Нурчолпон (73 кг салмакта) – 1-орун;
— Жайлообек уулу Азамат (81 кг салмакта) – 1-орун;
— Курбанахун уулу Дилмурад (81 кг салмакта) – 1-орун;
— Айтегин Жолдошкулов (89 кг салмакта) – 1-орун;
— Рыскелди Алишеров (89 кг салмакта) – 1-орун;
— Арслан Молдодосов (55 кг салмакта) – 2-орун;
— Мухамед Миназаров (102 кг салмакта) – 2-орун;
— Курбанбек кызы Айдай (59 кг салмакта) – 2-орун.

Турнир 18-декабрдан 25-декабрга чейин Кокшетау шаарында (Казакстан) өткөн. Максаты — спортчулардын ортосундагы достукту чыңдоо жана жаштар арасында оор атлетиканы жайылтуу болуп саналат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>