Кыргызстан Малайзиядагы туристтик көргөзмөгө ийгиликтүү катышты

Кыргызстан Малайзиядагы туристтик көргөзмөгө ийгиликтүү катышты

Малайзиянын борбору Куала-Лумпур шаарында, 17-19-мартта, MATTA FAIR эл аралык туристтик көргөзмөсү болуп өттү. Бул тууралуу Кыргызстандын Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунан билдиришти.

Көргөзмөгө дүйнөнүн булуң-бурчунан 1 миң 526 компания катышкан. Кыргызстандын атынан көргөзмөгө үч мейманкана жана эки туроператоор барган. Алардын көргөзмөгө катышуусун, Кыргызстандын улуттук павильонунун ишин жана өлкөнүн туристтик потенциалы тууралуу презентацияны уюштурууну Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду колго алган.

Иш-чаранын алкагында Кыргызстандын туристтик тармагынын өкүлдөрү B2B  форматындагы жолугушууларды өткөргөн. Көргөзмөнүн катышуучулары менен коноктору өз кызыгууларын билдирген. Алар Кыргызстандын рыногу менен иштөөнү убадалаган.

Андан тышкары, фонд Малайзиянын үч туроператору жана бир ассоциациясы менен меморандумга кол койгон.

«Малайзия — Кыргызстанга туристтерди жана инвестицияны тартуу боюнча биз артыкчылык берген өлкөлөрдүн бири. Малайзиялык ишкерлер Германия менен Улуу Британияда туристтик тармакка миллиарддаган каражаттарын жумшашат. Биз Кыргызстанга да инвестиция жасоону сунуштадык. Фонд малайзиялык ишкерлер менен биргелешкен ишкана ачууга жана алардын Кыргызстанда иштөөсүнө ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр»,дейт фонддун вице-президенти Кайрат Итибаев.

Ошондой эле, Малайзиянын туризм, искусство жана маданият министри Дато Шри Тионг менен эки жолугушуу өткөрүлгөн. Анын бири расмий ачылыш, экинчиси павильондорду кыдыруу учурунда болгон. Фонддун кызматкерлери ал менен баарлашып, жыйынтыгында алар күзүндө Малайзияга халал-туризм боюнча көргөзмөгө келүүгө чакыруу алышкан.

«MATTA Fair көргөзмөсү биз күткөндөн да жакшы өттү. Көптөгөн Азия өлкөлөрү экономикалык өсүш жасап жатат. Келечек Азияда. Бул континентке өзгөчө маани берип, биздеги туризмди Азиянын рыногуна алып чыгуу керек. Аны Өзбекстан менен бирге кооперация түрүндө, айкалышкан турду сунуштоо менен жасоого болот. Айтмакчы, Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен бул иш-чарага Кыргызстан менен Өзбекстан гана катышты», – дейт Итибаев.

Ал бул иш-чарага катышууга кол кабыш кылган Кыргызстандын Малайзиядагы элчилигинин эки кызматкерине — Атай Наматбаев менен Суран Рабаевге ыраазычылык билдирди.

«Алар бизге логистика, маалымат кагаздарын, улуттук бийлерди аткаруу, палоо жасоо жана башка маселелерде колдоо көрсөттү. Бул Кыргызстан менен Малайзиянын эки тараптуу алакасынын тарыхындагы алгачкы ири иш-чара», — дейт Итибаев.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>