Кыргызстан менен Австрия пенсия дайындоодо эмгек стажын бириктирүүнү көздөшүүдө

Жогорку Кеңеште Кыргыз Республикасы менен Австрия Республикасынын ортосундагы социалдык камсыздоо жөнүндө макулдашуунун жана аны ишке ашыруу боюнча административдик макулдашуунун долбоорлору каралууда.
Бул тууралуу Социалдык фонддун төрагасынын орун басары Гүлнура Жуматаева билдирди.
Анын айтымында, документтин үстүндө акыркы үч жыл аралыгында иш жүргүзүлгөн.
Жуматаева белгилегендей, макулдашуу Кыргызстан менен Австриянын жарандарына социалдык жана пенсиялык камсыздоо жаатында бирдей укуктарды камсыз кылууга багытталган. Ар бир тарап пенсия алуу укугун өз мыйзамдарына ылайык жана өз аймагында топтолгон камсыздандыруу стажынын негизинде аныктайт. Ошол эле учурда, эгер бир өлкөдө топтолгон стаж пенсия дайындоого жетишсиз болсо, экинчи өлкөдө топтолгон стаж дагы эсепке алынат.
Анын айтымында, макулдашуу эки өлкөдө иштеген жарандардын эмгек стажын кошуп эсептөөгө мүмкүндүк берет. Мисалы, эгер жаран Кыргызстанда 10 жыл, Австрияда 5 жыл иштеген болсо, пенсияга чыкканда бул мезгилдер чогуу эсептелет. Мындай учурда Австрия тарабы Австриядагы эмгек ишмердүүлүгү үчүн топтолгон пенсиялык бөлүгүн төлөп берет, ал эми пенсия дайындоодо жалпы стаж 15 жыл катары каралат.
Мындан тышкары, пенсиялар жарандардын кайсы өлкөдө жашап жаткандыгына карабастан төлөнөт. Документте кызматкерлерди башка өлкөгө иш сапарга жөнөтүүдө камсыздандыруу төгүмдөрүн эки жолу төлөөгө жол бербеген механизмдер дагы каралган.
Мамлекеттик салык кызматынын маалыматына ылайык, 2025-жылы Австриянын 21 жараны Кыргызстанда жалпы суммасы 231,16 миң сом өлчөмүндө камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөгөн.
Берилген маалыматка ылайык, Австрияда пенсия курагы эркектер үчүн 65 жашты, аялдар үчүн 60 жашты түзөт. Ошол эле учурда 2030-жылга чейин аялдардын пенсия курагын этап-этабы менен 65 жашка чейин көтөрүү пландалууда. Пенсия дайындоо үчүн минималдуу камсыздандыруу стажы 15 жылды түзөт.