Ош облусунда 32 айылдын тургундары таза суу менен камсыздалат

1-июнда Кыргызстандын расмий делегациясы Евразиялык турукташтыруу жана өнүктүрүү фонду (ЕТӨФ) менен Ош облусунун Кара-Суу жана Өзгөн райондорундагы 32 айылды таза суу менен камсыз кылуу долбоорун талкуулашты. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Долбоордун жалпы бюджети 66,7 млн долларды түзөт. Анын ичинен 60 млн долларын ЕТӨФ насыя катары берсе, 6,7 млн долларын Кыргызстан каржылайт. Учурда аталган аймактардагы 158 миңге жакын жаран эскирген суу системаларын же коопсуз эмес булактарды колдонуп келишет.
Долбоордун алкагында төмөнкү иштер пландалууда:
- 890 чакырымдан ашык суу түтүктөрүн куруу жана жаңылоо;
- 33 артезиан скважинасын бургулоо;
- 54 резервуар куруу жана 11 насос станциясын орнотуу;
- Мектеп, бала бакча жана ФАПтардагы 95 санитардык түйүндү жаңылоо.
Долбоорду министрликке караштуу Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү департаменти ишке ашырат. Иштерди аткаруу мөөнөтү 5 жылды түзөт. Макулдашууга 2026-жылдын июнь айынын аягына чейин кол коюу пландалган.