Садыр Жапаров COP17 саммитинде Ысык-Көлдү коргоо боюнча трасттык фонд түзүүнү сунуштадыКыргызстанда чет өлкөлүк номерлүү унаалардын кирүү эрежелери өзгөртүлдү — толук маалыматОш шаарында «Сулайман-Тоо» эл аралык кинофестивалы өтөт2027-жылдан тарта Кыргызстанда сотто өкүлчүлүк кылуу үчүн юристтерге окуудан өтүү талабы коюлатКытай Кореядан озуп кетти: Кыргызстанга эми кайсы унаалар көбүрөөк ташылып жатат?Бактыбек Анаркулов Суу ресурстары кызматынын директору болуп дайындалды
Кыргызстан менен Ирандын ТИМ башчылары Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды талкуулашты
25.07.2026 | 11:40

24-июлда Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) Тышкы иштер министрлеринин кеңешинин жыйынынын алкагында Кыргызстандын жана Ирандын тышкы саясат мекемелеринин башчылары Жээнбек Кулубаев менен Сейед Аббас Аракчинин жолугушуусу өттү.

КР ТИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, тараптар эки тараптуу мамилелерди, аймактык жана эл аралык күн тартибин, анын ичинде Жакынкы Чыгыштагы жана Перс булуңу аймагындагы кырдаалды талкуулашты. ШКУ,

Ислам кызматташтык уюму жана башка эл аралык уюмдардын алкагындагы өз ара аракеттенүүгө өзгөчө көңүл бурулду.
Ошондой эле тараптар Кыргызстан менен Ирандын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты бекемдөөгө өз ара кызыкдар экенин ырасташты.