Садыр Жапаров COP17 саммитинде Ысык-Көлдү коргоо боюнча трасттык фонд түзүүнү сунуштадыКыргызстанда чет өлкөлүк номерлүү унаалардын кирүү эрежелери өзгөртүлдү — толук маалыматОш шаарында «Сулайман-Тоо» эл аралык кинофестивалы өтөт2027-жылдан тарта Кыргызстанда сотто өкүлчүлүк кылуу үчүн юристтерге окуудан өтүү талабы коюлатКытай Кореядан озуп кетти: Кыргызстанга эми кайсы унаалар көбүрөөк ташылып жатат?Бактыбек Анаркулов Суу ресурстары кызматынын директору болуп дайындалды
Кыргызстанда жыл аягына чейин 20 миңдей видеобайкоо камерасы орнотулат
25.07.2026 | 11:15

«Коопсуз өлкө» долбоорунун алкагында 2026-жылдын аягына чейин Кыргызстандын бүткүл аймагында 20 миңдей видеобайкоо камерасын орнотуу пландалууда. Бул тууралуу ИИМдин 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы ички иштер органдарынын ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктарына арналган коллегиялык жыйынынын жыйынтыгы боюнча билдиришти.
Мекеменин маалыматы боюнча, долбоорду ишке ашыруу кылмыштуулуктун алдын алуунун, коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуунун натыйжалуулугун олуттуу түрдө жогорулатууга мүмкүндүк берет.
Коллегиянын жүрүшүндө ошондой эле укук тартибин камсыз кылуу боюнча көрүлүп жаткан чаралардын натыйжалуулугун жогорулатуу, башкаруу процесстерин өркүндөтүү, ички иштер органдарынын ишмердүүлүгүнө заманбап санариптик чечимдерди киргизүү, ошондой эле кызматтык тартипти бекемдөө маселелери каралды.
Ички иштер министри калкты сервистик тейлөөнүн сапатына өзгөчө көңүл бурду.
«Ички иштер органдарынын жетекчилерине жарандар менен иштөөдө мыйзамдуулукту жана ачык-айкындуулукту камсыз кылуу, алардын укуктарын жана милдеттерин өз убагында жана толук көлөмдө түшүндүрүү, мыйзам алкагында толук кандуу жоопторду берүү, ошондой эле ар бир кайрылууну кунт коюп карап чыгуу жана аны ыкчам чечүү үчүн чараларды көрүү тапшырылды», — деп билдиришти ИИМден.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом