Кыргызстан менен Нидерланддар кош салык салууну четтетүүнү макулдашты

Кыргызстан менен Нидерланддар кош салык салууну четтетүүнү макулдашты

Бүгүн, 5-декабрда тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Нидерланд Королдугунун атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Николаас Схермерсти кабыл алды. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Министр Ж.Кулубаев Нидерланд Королдугунун Кыргызстандагы элчиси Николаас Схермерсти Кыргызстанда дипломатиялык миссиясынын башталышы менен куттуктап, эки өлкөнүн ортосундагы эки тараптуу мамилелердин өнүгүшү үчүн ийгиликтүү ишмердигин каалады.

Тараптар эки тараптуу кызматташтыктын күн тартибиндеги актуалдуу маселелерин талкуулап, саясий диалогду бекемдөөнүн, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташтыкты жана келишимдик-укуктук базаны кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

Жолугушуунун соңунда тараптар Кыргызстан менен Нидерланддар Королдугунун ортосундагы киреше салыгына карата кош салык салууну четтетүү жана салык төлөөдөн качууну алдын алуу жөнүндө макулдашууга кол коюшту.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>