Түнкүсүн -28 градус. Кыргызстанда апта соңунда катуу суук түшөт

Түнкүсүн -28 градус. Кыргызстанда апта соңунда катуу суук түшөт

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.

Кыргызстанда 9-12-декабрь күндөрү аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт. Көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Жолдор тайгак болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге жетиши күтүлөт.

9-11-декабрда Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -5…-10 градус, түн ичинде -8…-13 градус, күндүз 0…-5 градус суук болсо, Талас өрөөнүндө түнкүсүн -7…-12, күндүз -2…-7 градус суук болот.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө абанын температурасы түнкүсүн -3…+2, күндүз 3…8ге чейин жылыйт. Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -3…-8, күндүз -2…+3 градуска жетет.

Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -5…-10, күндүз 0…-5 градус суук болот. Тоолуу райондордо түнкүсүн -10…-15, күндүз -5…-10, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -22…-27 градусту көрсөтөт. Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -18…-23, күндүз -4…-9 градус ызгаардуу суук болот.

12-14-декабрда абанын температурасы мындан да төмөндөп, катуу суук түшөт. Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн -15…-20, күндүз -10…-15 градус суук болот.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -7…-12, күндүз -3…-8 градуска жетиши ыктымал. Ысык-Көл ойдуңунда абанын температурасы түнкүсүн -12…-17, күндүз -4…-9 градус болот.

Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -19…-24, Ат-Башы районунда -23…-28, күндүз -11…-16 градуска чейин жетет.

Тоолуу райондордо түнкүсүн -19…-24, күндүз -14…-19, бийик тоолуу райондордо абанын температурасы түнкүсүн -35 градуска чейин жетери эскертилди.

Мындай аба ырайы жайыттарда малды кармоону, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>