Kyrgyzstan Expo жана Expo Eurasia көргөзмөлөрү 15–17-октябрда «Жаштык Аренада» өтөтКараколдо «Открыткаларга түшпөгөн Кыргызстан» аттуу фотовыставка өтөтКыргызстанда башка айып пулдары бар болсо да эвакуацияланган унааларды кайтарып берүү сунушталуудаБишкекте «БишХолдер» эл аралык стол үстүндөгү ролдук оюндар фестивалы өтөтУлуттук банк чет өлкөлөрдөгү банктардын уставдык капиталына жаңы талаптарды сунуштады — долбоорШакира Бишкекке концертинен бир күн мурун, 17-октябрда учуп келет
Кыргызстан менен Орусиянын балбандары биргелешип машыгууда
12.08.2025 | 13:10

Кыргызстандын жана Орусиянын эркин күрөш боюнча курама командалары биринчи жолу биргелешкен окуу-машыгуу жыйындарын өткөрүүдө. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматка ылайык, иш-чара 2025-жылдын сентябрь айында боло турган дүйнө чемпионатына даярдануу максатында уюштурулган.
Биргелешкен машыгууларды өткөрүү демилгесин УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев колдогон.
Жыйынга Орусиянын эркин күрөш боюнча курама командасынын башкы машыктыруучусу, олимпиадалык чемпион, беш жолку дүйнө чемпиону Хаджимурат Гацалов катышууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар