logo

Кыргызстан менен Өзбекстандын соода жүгүртүүсү 1,26 млрд долларды түздү

Кыргызстан менен Өзбекстандын соода жүгүртүүсү 1,26 млрд долларды түздү

Кыргызстан менен Өзбекстандын 2022-жылдагы өз ара соода жүгүртүүсү 1 млрд 260 млн долларды түздү. Бул тууралуу Өзбекстандын Статистика комитети билдирди.

Маалыматка караганда, Өзбекстан Кыргызстанга 979,3 млн долларга экспорт жасап, 280,7 млн долларга импорт кылган.

Ошол эле учурда Өзбекстандын былтыркы тышкы соода жүгүртүүсү 50 млрд 8,4 млн долларды түзгөн: экспорт 19 млрд 309,1 млн жана импорт 30 млрд 699,3 млн доллар болгон.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>