Өзбекстан: «Док-1 Макс» дарысынан каза болгон балдардын ата-энесине кенемте төлөнөт

Өзбекстан: «Док-1 Макс» дарысынан каза болгон балдардын ата-энесине кенемте төлөнөт

Өзбекстанда «Док-1 Макс» сиробун ичкенден кийин кайтыш болгон балдардын ата-энелерине компенсация төлөнүшү мүмкүн. Бул тууралуу өлкөнүн саламаттык сактоо министринин орун басары Эльмира Баситханова билдирди.

Баситханованын айтымында, компенсация бейтаптын ушул препараттан өлгөнүн аныктаган документи бар ата-энелерге гана төлөнөт.

«Азыр жабыр тарткан ар бир бала боюнча текшерүү жүрүп жатат», — деди Баситханова.

Өзбекстанда индиялык Marion Biotech компаниясынын «Док-1 Макс» дарысын ичкенден кийин 20 бала чарчап калган.

Өлкөнүн Мамлекеттик коопсуздук кызматы териштирүү жүргүзүп, «Док-1 Макс» жана «Амбронол» дарыларын өлкөгө Quramax Medikal компаниясы ташып барганын, алар тийиштүү текшерүүдөн өтпөгөнүн, курамында этиленгликоль заты бар экенин аныктаган.

Декабрдын соңунда өзбек бийлиги бул дарыны сатууга тыюу салган. Ушундай эле чечим Кыргызстанда да кабыл алынган.

Өзбекстанда балдардын өлүмү үчүн төрт адам камакка алынган.

Кыргызстанда «Док-1 Макс» дарысын сатууга тыюу салынды

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>