23-октябрда өлкөнүн айрым аймактарында күн кескин сууктайтБишкек шаардык кеңешинин төрагасы Марлен Маматалиев менен болгон талаштан кийин кечирим сурадыБишкекте асма метро куруу мүмкүнчүлүгү каралуудаБишкектин бир бөлүгүндө 23-октябрда ичүүчү суу убактылуу токтотулатУлуттук банк эки төлөм уюмуна 6,2 млн сом айып пул салдыКыргызстандагы 25 мектепке «Starlink» спутниктик интернетинин терминалдары тапшырылды
23-октябрда өлкөнүн айрым аймактарында күн кескин сууктайт
23.10.2026 | 09:00

Бүгүн, 23-октябрда, Ысык-Көл облусунун чыгыш тарабында жаан, ал эми тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.
- Чүй облусунда түнкүсүн -1…-3°C, күндүз 7…12°C;
- Талас облусунда түнкүсүн -1…-3°C, күндүз 9…14°C;
- Ош облусунда түнкүсүн 4…9°C, күндүз 15…20°C;
- Жалал-Абад облусунда түнкүсүн 4…9°C, күндүз 15…20°C;
- Баткен облусунда түнкүсүн 4…9°C, күндүз 15…20°C;
- Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…-3°C, күндүз 8…13°C;
- Нарын облусунда түнкүсүн -4…1°C, күндүз 13…18°C болот;
- Бишкек шаарында абанын температурасы түнкүсүн 0…2°C, күндүз 9…11°C болот.
Эске салсак, буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) 23–25-октябрь күндөрү өлкөнүн айрым аймактарында күн кескин сууктап, кечинде жана таңга маал үшүк жүрүшү мүмкүн экенин билдирген.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом
Теги: аба ырайы