Кыргызстан менен Россия балдардын кирүү эрежелерин өзгөртүүдө
Кыргызстанда Бишкек менен Москванын ортосундагы жарандардын өз ара жүрүү тартибин өзгөртө турган макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоору даярдалды. Документ Кыргызстан менен Россиянын чек арасынан өтүү үчүн талап кылынган документтердин тизмесин жаңылоону карайт.
Негизги өзгөрүү балдарга тиешелүү: туулгандыгы тууралуу күбөлүк мындан ары Кыргызстан менен Россиянын ортосунда кирип-чыгуу үчүн жарактуу документ болуп эсептелбей калат.
Макулдашуу эмнени сунуштайт
Сөз Кыргызстандын Министрлер кабинети менен Россиянын өкмөтүнүн ортосундагы, эки өлкөнүн тышкы иштер министрликтери аркылуу нота алмашуу жолу менен түзүлгөн макулдашуу тууралуу болуп жатат.
Документ Кыргызстан менен Россиянын жарандарынын жүрүү эрежелерин эки өлкөнүн миграциялык жана паспорттук мыйзамдарындагы өзгөрүүлөрдү эске алуу менен жаңылоого багытталган.
Учурда эки мамлекеттин ортосунда жөнөкөйлөштүрүлгөн жүрүү режими иштейт жана 16 жашка чейинки балдар жарандыгын тастыктаган туулгандыгы тууралуу күбөлүк менен чек арадан өтө алышат. Бул нормалар 2005 жана 2006-жылдары дипломатиялык ноталар аркылуу бекитилген.
Жаңы документ бул практикадан баш тартууну сунуштайт.
Жарандар үчүн эмне өзгөрөт
Эгер макулдашуу ратификацияланып, күчүнө кирсе, анда Кыргызстан менен Россиянын ортосунда жүрүү үчүн балдарга толук кандуу чет өлкөлүк паспорт талап кылынат.
Туулгандыгы тууралуу күбөлүк мамлекеттик чек арадан өтүүгө негиз болгон документ макамын жоготот.
Ошол эле учурда чоңдор үчүн олуттуу өзгөрүүлөр каралган эмес — мурдагыдай эле сапарлар белгиленген жол жүрүү документтери, анын ичинде чет өлкөлүк паспорттор менен ишке ашырылат.
Эмне үчүн туулгандыгы тууралуу күбөлүктөн баш тартуу чечими кабыл алынды
Маалымкат-негиздемеде өзгөртүүлөрдүн зарылдыгы эки өлкөнүн улуттук мыйзамдарындагы реформалар менен байланыштуу экени айтылат.
2019-жылы Кыргызстандын өкмөтү 16 жашка чейинки балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнө тиркелүүчү атайын баракчаларды жүгүртүүдөн акырындык менен чыгаруу тууралуу чечим кабыл алган. Ошондо Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине Россия, Казакстан жана Өзбекстан менен туулгандыгы тууралуу күбөлүктү чек арадан өтүүчү документтердин тизмесинен чыгаруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү тапшырылган.
Эми бул макулдашуулар толук кандуу эл аралык келишим катары таризделүүдө.
Бийлик өкүлдөрү туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн ордуна чет өлкөлүк паспортторду колдонуу төмөнкүлөргө мүмкүндүк берет деп эсептешет:
- чек ара көзөмөлүнүн системасын бирдейлештирүүгө;
- инсанды аныктоо деңгээлин жогорулатууга;
- документтерди жасалмалоо тобокелдиктерин азайтууга;
- жүрүү эрежелерин миграциялык коопсуздуктун заманбап талаптарына ылайык келтирүүгө.
Эмне үчүн өткөөл мезгил киргизилүүдө
Документте туулгандыгы тууралуу күбөлүктөн баш тартуу балдардын чет өлкөлүк паспортун алуу боюнча кайрылуулардын кескин көбөйүшүнө алып келиши мүмкүн экени өзүнчө белгиленет.
Ушундан улам россиялык тарап бир жылга чейинки өткөөл мезгилди карап чыгууну сунуштаган.
Макулдашуу Кыргызстан менен Россия бардык ички мамлекеттик процедураларды аяктаганы тууралуу бири-бирине расмий билдирүү жөнөткөндөн кийин бир жылдан соң күчүнө кирет.
Иш жүзүндө бул ата-энелерге балдары үчүн керектүү документтерди алдын ала даярдоого кошумча убакыт берилет дегенди билдирет.
Бул практикада эмнени билдирет
Макулдашуу күчүнө киргенден кийин балдары бар үй-бүлөлөр Россияга кыска мөөнөттүү сапарлар үчүн дагы алдын ала чет өлкөлүк паспорт даярдоого милдеттүү болушат.
Бул төмөнкүлөргө тиешелүү болот:
- туристтик сапарларга;
- туугандарга барууга;
- балдардын дарыланууга, окууга же эс алууга чыгуусуна;
- эмгек мигранттарынын үй-бүлөлөрүнө.
Эгер баланын чет өлкөлүк паспорту жок болсо, аны чек арадан өткөрбөй коюшу мүмкүн.
Кошумчалай кетсек, макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилди.