Кыргызстан менен Россиянын айым депутаттары жолугушту

Кыргызстан менен Россиянын айым депутаттары жолугушту

Жогорку Кеңештин төрайымынын орун басары Джамиля Исаева менен Россия Федерациясынын Федералдык жыйынынын Федерация кеңешинин төрайымынын орун басары Галина Карелова эки өлкөнүн парламенттеринин айым депутаттарынын жолугушуусун өткөрүштү. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууга Жогорку Кеңештин депутаттары Винера Раимбачаева, Аида Исатбек кызы, Айгүл Айдарова, Лейла Лурова, Миргүл Темирбаева, Гуля Кожокулова, Нилуфар Алимжанова катышты.

Өз кезегинде Жогорку Кеңештин төрайымынын орун басары Джамиля Исаева Кыргызстан тарап Россия менен парламенттер аралык байланышты чыңдоого кызыкдар экендигин белгилеп, анын ичинен депутаттардын ортосундагы алаканы арттыруунун маанилүүлүгүнө токтолду.

“Парламенттер аралык диалогу эки өлкөнүн байланышын кеңейтүүдө эффективдүү механизм болуп саналат. Ошондой эле саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка тармактарда өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө кошумча түрткү берет”, — деген Джамиля Исаева КМШ ПАА, ЖККУ ПА өңдүү парламенттер аралык уюмдардын алкагындагы алакаларды улантуу зарылчылыгын кошумчалады.

Андан тышкары, маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүү маселеси тууралуу сөз кылган төраганын орун маданият күндөрүн, кино жумалыктарын, биргелешкен көргөзмөлөрдү, фестивалдарды жана башка иш-чараларды жигердүү өткөрүү керектигин белгиледи.

“Кыргыз тарап саламаттыкты сактоо жана медицина тармагында, анын ичинен кадрларды даярдоо жана медициналык кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө, муну менен катар Кыргызстандын жарандары үчүн Россиянын жогорку окуу жайларында квоталарды көбөйтүү маселеси боюнча да кызматташууга кызыкдарбыз”, – деди Джамиля Исаева.

Ал эми Россиянын Федералдык жыйынынын Федерация кеңешинин төрайымынын орун басары Галина Карелова уюштурулган Россия менен Кыргызстандын аялдарынын ортосундагы диалогду өнүктүрүүдөгү маанилүү кадам экенин билдирди.

«Биз кыргыз кесиптештерибиз менен парламенттик өз ара аракеттенүүнүн алкагында ачык жана ишенимдүү диалог жүргүзүүгө ынтызарбыз. Анткени бул жааттагы алакалар ар тараптуу өнөктөштүктү өнүктүрүүдө өзгөчө мааниге ээ”, – деди Галина Карелова.

Мындан сырткары, парламенттин тармактык комитеттеринин кызматташтыгын да кеңейтүү керектигин кошумчалады.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>