Кыргызстан менен Тайбейдин беттешин кайсы каналдардан түз эфирде көрүүгө болору айтылды

Кыргызстан менен Тайбейдин беттешин кайсы каналдардан түз эфирде көрүүгө болору айтылды

Кыргызстандын футбол курамасы дүйнө чемпионатына тандоо турунун алкагында 21-мартта Кытайлык Тайбей менен беттеш өткөрөт.

Оюн Кытайлык Тайбейдин Гаосюн шаарында саат 14:00до өтөт. Бул беттеште кыргызстандык футболчулар кызыл, атаандаштары көк кийимчен ойнойт.

Беттешти «Кыргыз Спорт ТВ» жана «УТРК Спорт» каналдарынан түз эфирде көрүүгө болот.

Курамалардын экинчи оюну 26-мартта Бишкекте өтөт.

Эскерте кетсек, дүйнө чемпионатына тандоо турунда Кыргызстан Малайзия, Оман жана Кытайлык Тайбей менен D тайпасында жайгашкан. «Ак шумкарлар» буга чейин эки оюн өткөрүп, 3 упайы менен тайпада үчүнчү орунду ээлөөдө. Биринчи орунда Малайзия (6 упай), экинчи орунда Оман (3 упай, голдордун айырмачылыгы боюнча Кыргызстандан алдыда) турат. Кытайлык Тайбей упай ала элек. Кыргызстан тандоо турунун кийинки баскычына чыгуу үчүн өз тайпасында биринчи же экинчи орунду ээлеши керек.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>