Казандан Кабулга чейин жөө: тревел-блогер адамдардын боорукердиги жана Кыргызстан тууралууАкжол Махмудов Азия оюндарында коло медаль уттуАзия оюндары: балбан Жоломан Шаршенбеков алтын медаль уттуСадыр Жапаров Илон Масктын SpaceX компаниясынын Калифорниядагы өндүрүштүк комплексине бардыБишкектин Жукеев-Пудовкин көчөсүндө 3-октябрда унаа кыймылы убактылуу чектелетКыргызстанда мамлекеттик органдардын ички аудитин күчөтүү сунушталууда
Кыргызстан менен Тажикстандын вице-премьер-министрлери чек ара маселесин биргелешип чечишет
24.07.2019 | 09:38
Кыргызстандын мененТажикстандын вице-премьер-министрлери кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара участогунда болуп өткөн окуя боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Жеңиш Раззаков менен Азим Иброхим кыргыз-тажик чек арасындагы окуя боюнча биргелешип иликтөө жөнүндө чечим кабыл алышты. Мындан тышкары тараптар биргелешип күзөтүүгө, ошондой эле эки мамлекеттин калкы арасында түшүндүрүү иштерин улантууга макулдашышты.
Жергиликтүү бийлик органдары кырдаалды көзөмөлдөө жана мониторинг жасоо иштерин улантышууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар