Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын Кыргызстанга жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында бүгүн, 5-ноябрда, кыргыз-түрк кызматташтыгын арттырууга багытталган бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалымат кызматы билдирди.
Садыр Жапаров менен Режеп Тайып Эрдоган эки өлкө ортосундагы стратегиялык кызматташтык мамилелерин Жалпы камтуучу стратегиялык кызматташтык деңгээлине чыгаруу жөнүндө биргелешкен билдирүүгө кол коюшкан.
Андан тышкары, төмөнкү документтерге кол коюлду:
— Министрлер кабинети менен Түркия өкмөтүнүн ортосундагы коопсуздук жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу;
— Министрлер кабинети менен Түркия өкмөтүнүн ортосунда аудиовизуалдык кызматтарды биргелешип өндүрүү жөнүндө макулдашуу;
— Министрлер кабинети менен Түркия өкмөтүнүн ортосундагы Режеп Тайып Эрдоган атындагы Бишкек кыргыз-түрк достук ооруканасын биргелешип башкаруу жана Кыргызстандын жарандарын Түркияда медицина жана медициналык адистиктер жаатында окутуу жөнүндө макулдашуу;
— Министрлер кабинети менен Түркия өкмөтүнүн ортосунда жаныбарлардын ден соолугун коргоо, жаныбарларды жана жаныбарлардан алынган азыктарды сатуу маселелери боюнча макулдашуу;
— КР Энергетика министрлиги менен Түркиянын Энергетика жана жаратылыш ресурстары министрлигинин ортосундагы энергетика, энергиялык майнаптуулук жана энергияны үнөмдөө тармагында кызматташуу жөнүндө өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандум;
— КР Экономика жана коммерция министрлиги менен Түркиянын Соода министрлигинин ортосундагы продукциянын коопсуздугу жана рынокту контролдоо жаатында өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө меморандум;
— КР Финансы министрлиги менен Түркиянын Казыналык жана финансы министрлигинин ортосундагы меморандум;
— КР Саламаттык сактоо министрлиги менен Түркиянын Саламаттык сактоо министрлигинин ортосундагы органдарды трансплантациялоо жаатында кызматташуу жөнүндө протокол;
— КР Коопсуздук кеңешинин катчылыгы менен Түркиянын Улуттук коопсуздук кеңешинин Башкы катчылыгынын ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
— КР Мамлекеттик бажы кызматы менен Түркиянын Соода министрлигинин ортосундагы кинологиялык иш боюнча кадрларды даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу жаатындагы кызматташтык жөнүндө протокол;
— КР Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиги менен Түркиянын президентине караштуу Адам ресурстары башкармалыгынын кеңсесинин ортосунда өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө меморандум;
— Кыргыз Республикасы менен Түркиянын Архив кызматтарынын ортосунда кызматташуу жөнүндө протокол;
— Түркия президентинин администрациясынын финансы боюнча башкармалыгы менен КР Улуттук банкынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
— КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен Түркиянын Ички иштер министрлигинин ортосунда миграция жаатында кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
— Министрлер кабинети менен Түркиянын өкмөтүнүн ортосундагы коргоонуу өнөр жайы жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу — Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин линиясы боюнча;
— Министрлер кабинети менен Түркия өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын Түркияга болгон мамлекеттик тышкы карызын кечүү жөнүндө макулдашуу;
— КР Депозиттерди коргоо боюнча агенттиги менен Түркиянын аманат депозиттерин камсыздандыруу фондунун ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
— КР Энергетика министрлиги менен “Орто Азиялык инвестициялык Холдинг” ААКнын ортосундагы гидроэлектрстанцияларды куруу жана эксплуатациялоо долбоорун ишке ашыруу жөнүндө алкактык макулдашуу.