Бишкек — Балыкчы поезди 3 жана 4-октябрда кошумча каттамдарды аткаратЛегендарлуу америкалык мушкер Рой Жонс Ош шаарына келдиКРСУда Михаил Ботвинник атындагы шахмат клубу ачылдыМээрим Жуманазарова Азия оюндарында коло медаль уттуБишкектеги транспорт: бүгүн борбор калаада эмнелер менен жүрүүгө болотКабмин НИИЖСТО жетекчилигин чечимдерди создуктурганы үчүн сынга алды
Кыргызстан парник газдарын азайтуу үчүн 6,7 млрд доллар сурайт
12.12.2022 | 23:57
Өткөн жылы Глазгодо өткөн БУУнун климаттын өзгөрүшү боюнча конференциясында Кыргызстан 2030-жылга чейин парник газдарынын эмиссиясын 44% кыскартуу милдетин алган. Бул үчүн өлкө 6,7 миллиард доллар өлчөмүндө БУУдан гранттык жардам сурап кайрылган. Бул тууралуу парламенттин жыйынында Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстан эмиссияны азайтуу боюнча көрүлө турган чаралардын тизмесин жарыялады. Анда Бишкектеги 23 көмүр жагуучу жайды газга өткөрүү, калктуу конуштарга альтернативдик энергия булактарын киргизүү камтылган.
Динара Кутманова мындай долбоорлор үч жылга чейин караларын, грант алууну тездетүү үчүн тийиштүү аракеттер көрүлөрүн кошумчалады.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом