Шахмат: Кыргызстандык окуучулар Азия чемпионатында 41 медаль утту

Шахмат: Кыргызстандык окуучулар Азия чемпионатында 41 медаль утту

Шри-Ланкада өткөн мектеп окуучулары арасындагы шахмат боюнча Азия чемпионатында кыргызстандык окуучулар 41 медаль утту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Маалым болгондой, мелдеш 2-11-декбрь күндөрү болгон. Азия чемпионатынын жеңүүчүлөрү менен байге ээлери 12-декабрь күнү Бишкекке учуп келишкен.

Спортчуларды «Манас» эл аралык аэропортунан Спорттун олимпиадалык эмес түрү боюнча дирекциянын директору Райымбек Токомбаев жана шахмат федерациясынын өкүлдөрү, спортчулардын жакындары тосуп алышкан.

Жеңүүчүлөрдүн жана байге ээлеринин тизмеси:

Классикалык шахмат боюнча биринчиликтин жыйынтыгы (6 жеке медаль):

1-орун — Элдияр Орозбаев (17 жашка чейин);

1-орун — Агния Куш (13 жашка чейин);

2-орун — Элим Кеңешбеков (11 жашка чейин);

2-орун — Эржан Жакшылыков (15 жашка чейин);

3-орун — Байэл Мурадылов (13 жашка чейин);

3-орун — Жибек Сагынбекова (9 жашка чейин).

6 командалык медаль: 4 күмүш жана 2 коло медаль.

Командалык упай:

1-орун – Индия – 8 медаль (5 алтын, 1 күмүш, 2 коло);

2-орун — Кыргызстан — 6 медаль (2 алтын, 2 күмүш, 2 коло);

3-орун — Өзбекстан — 2 медаль (2 алтын).

Классика боюнча 12 медаль;

Рапид боюнча 17 медаль;

Блиц боюнча 12 медаль.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>