«Кыргызстан» партиясынын лидери Канатбек Исаевдин кыргызстандыктарга кайрылуусу

«Кыргызстан» партиясынын лидери Канатбек Исаевдин кыргызстандыктарга кайрылуусу


Бүгүн  парламенттик шайлоого үгүттөө иштери аяктайт. Эми ар бир жарандын алдында  шайлоого катышуу жана мамлекеттин өнүгүшүнө салым кошо турган татыктуу партияга добуш берүү милдети турат.

Ушул маанилүү күндүн алдында жалпы шайлоочуларга кайрылууну туура көрдүм.

Урматтуу шайлоочулар!

Шайлоо алдындагы үгүт кампаниясы аягына чыгайын деп калды. Баарыңыздарга 4-октябрда өлкөбүздө өтө турган парламенттик шайлоого катышып, добуш бериңиздер деп баарыңыздарга кайрылам.

Шайлоонун жыйынтыгы менен мамлекеттин келечеги аныкталат. Бийликтин мыйзам чыгаруу бутагына кимдер келет? Коалициялык көпчүлүктү кайсы партиялар курап,  аткаруу бийлиги кантип түзүлөт? Өкмөттү ким башкарат жана курамы кандай болот? Экономика өнүгүп, элдин жашоо турмушу оңолобу? Мунун баары алдыдагы шайлоонун жыйынтыгы менен белгилүү болот. Ошондуктан, бардыгы элдин колунда.

Менин добушум эмнени чечмек эле деп, кайдыгер мамиле жасап, жердешим, таанышым жана тууганым суранды эле деп добуш берип койбойлу! Чыныгы татыктуу партияны жүрөгүңүздөр менен тандап, татыктууларга шарт түзүп берүү менен, өлкөнүн жаңы тарых барактарын бирге ачалы.

Урматтуу мекендештер!

Дүйнө жүзүн каптаган пандемия биздин мамлекетти да чоң сыноого туш кылды. Бирок, апаат менен күрөшүүдө элибиздин биримдигине жана сабырдуулгуна баарыбыз күбө болдук.

Азыр баарыбыздын алдыбызда солгундап калган ишкердик чөйрөнү калыбына келтирүү, өлкөнүн экономикасын көтөрүү жана элдин жашоо турмушун көтөрүү милдети турат. Ошондуктан саясат менен ашкере алектенүүнү азайтып, экономикалык жана социалдык маселелерди чечүүгө болгон күчүбүздү жумшообуз керек.

«Кыргызстан» партиясынын курамында саясий, коомдук ишмерлерден тартып, экономиканын реалдуу секторунун бир катар көрүнүктүү өкүлдөрү бар. Алар жумуш орундарынын кантип түзүлгөндүгүн жана социалдык-жоопкерчиликтүү ишкердиктин негизин жакшы билишет. Бул – экономикалык кризисти коштогон пандемия шартында өзгөчө маанилүү.  

Биз, ар бир жарандын жыргалчылыгына негизделген күчтүү жана туруктуу мамлекеттин калыптанышын каалайбыз! Элдин жыргалчылыгы – бул бүтүндөй мамлекеттин жыргалчылыгы! Коомдун биримдиги, ынтымагы жок өлкөнүн өнүгүшү мүмкүн эмес. Өлкөнүн келечеги жана элдин жыргалчылыгы негизги баалуулук болуш керек.

Урматтуу замандаштар!

Биз зарыл болгон реформаларды жасап, өлкөнү кризистен алып чыгуу үчүн сиздердин колдооңуздарга жана ишеним мандатыңыздарга муктажбыз. «Кыргызстан» партиясы ар бир адамдын бакубат жашоосу үчүн эмгектенет! Эгерде биздин партияга ишеним артсаңыздар, өзүбүз иштеп чыккан “Эл үчүн” программабызды толугу менен ишке ашырууга жол ачылат. Биз ар бир мекендешибизди колдойбуз жана коргойбуз. Эл алдында жоопкерчиликти моюнубузга алып, койгон максаттарыбызды аягына чыгарабыз. 

Сиздер биздин партияга добуш берүү менен мыйзамдуулук жана адилеттүүлүктү бекемдөө, өлкө экономикасын өнүктүрүү, жаңы ишканаларды түзүү, натыйжасыз аткаминерлердин санын кыскартуу, коррупцияны жок кылуу сыяктуу максаттарыбызды ишке ашырууга салым кошуңуздар.

Андыктан 4-октябрь күнү шайлоо участогуна келип, өзүңүздүн добушуңузду жаратман «Кыргызстан» саясий партиясына бериңиздер!

«Кыргызстан» партиясы №15 – куру убадалардын эмес, реалдуу иштердин партиясы.
Бакубаттуу Кыргызстанды ийгиликтүү адамдар менен куралы!

[su_note note_color=»#7c2fcd» text_color=»#ffffff» radius=»0″] Буйрутма берүүчү «Кыргызстан» саясий партиясы. Дареги: Бишкек ш. Манас п, 115А. «Кыргызстан» саясий партиясынын шайлоо фондусунун каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Шамшидин уулу Разак тарабынан төлөндү. (№94 күбөлүк, 2.10.2020)[/su_note]

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>