Кыргызстан Түркмөнстандан электр энергиясын жеткирүү боюнча дагы бир келишимге кол койду

Кыргызстан Түркмөнстандан электр энергиясын жеткирүү боюнча дагы бир келишимге кол койду

Түркмөнстандан 2022-жылга чейин электр энергиясын алуу боюнча дагы бир келишимге кол коюлду. Бул тууралуу Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча кыргыз-түркмөн өкмөттөр аралык комиссиясынын бешинчи жыйынынын жыйынтыгы боюнча Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жыйын видеоконференцбайланыш режиминде Кыргызстандын энергетика министри Доскул Бекмурзаевдин жана Түркмөнстандын энергетика министри Хаджимухаммед Режепмурадовдун төрагалыгы алдында өттү.

Жолугушууда Доскул Бекмурзаев билдиргендей, Садыр Жапаровдун 2021-жылдын 27-28-июнунда Түркмөнстанга жасаган расмий сапарынын алкагында түркмөн тарап менен Кыргыз Республикасына жаратылыш газын жана электр энергиясын импорттоо боюнча макулдашууга жетишилген. Ал белгилегендей, 2021-жылдын 1-августунан тарта Түркмөнстандан Кыргызстанга электр энергиясы берилип жатат.

Түркмөнстандан 2022-жылга чейин электр энергиясын алуу боюнча дагы бир келишимге кол коюлду. Бул багытта азыр мамлекет башчыларынын, министрликтердин деңгээлинде сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Отурумдун жыйынтыгында кыргыз-түркмөн өкмөттөр аралык комиссиясынын бешинчи отурумунун протоколуна кол коюлду.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>