Кыргызстан менен Гонконг туризм жана ислам каржысы тармактарында кызматташууну көздөөдө

Кыргызстан менен Гонконг туризм, халал тамак-аш өнөр жайы жана ислам каржысы тармактарында кызматташууну кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин басма сөз кызматы билдирди.
Аталган кызматташуу маселелери агенттиктин башчысынын орун басары Мээримбек Койчуманов менен Кытай-Гонконг эл аралык соода-экономикалык ассоциациясынын (CHKETIA) вице-президенти Уильям Чан баштаган делегациянын жолугушуусунда каралган. Сүйлөшүүлөргө «Sky Angel Travel (Asia) Limited» туристтик компаниясынын өкүлдөрү да катышкан.
Жолугушууда Кыргызстан менен Гонконгдун ортосунда инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу жана инвесторлор менен өнөктөштүктү чыңдоо маселелери каралган. Мээримбек Койчуманов Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү маалымат берген.
Соңунда тараптар диалогду улантууга, ишкердик байланыштарды чыңдоого кызыкдар экенин билдиришкен.