Тамекини мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган. «Ош» аэропортунда чет өлкөлүк жаран кармалды

«Ош» эл аралык аэропортунда контрабандалык товар менен чет өлкөлүк жаран кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) билдирди.
Атайын кызматтын маалыматында, Р.И.А. аттуу чет элдик жаран «Esse Change» тамекисинин партиясын Кыргызстан аркылуу мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган. Ал аба каттамы менен үчүнчү өлкөлөр аркылуу учуп келген. Ал жүктү Ош шаары аркылуу жер үстүндөгү транспорт менен коңшу мамлекетке алып өтүүнү пландаган.
Бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 231-беренесинин 1-бөлүгү («Экономикалык контрабанда») боюнча кылмыш иши козголду. Кармалган шектүү УКМКнын тергөө абагына киргизилди.
Учурда бюджетке келтирилген зыяндын көлөмү эсептелип, бул ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо чаралары көрүлүп жатканы айтылды.