Кыргызстанда 346 айылда ичүүчү таза суу системасы жок

Кыргызстанда 346 айылда ичүүчү таза суу системасы жок

Кыргызстандын аймагында 346 айылда ичүүчү таза суу тутумдары жок. Бул тууралуу бүгүн, 23-январда Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун биринчи орун басары Жолдошбек Абдыраев билдирди.

Анын айтымында, өлкө аймагында 1905 калктуу конуш бар, анын ичинде 32си шаар, 1873 айыл статусундагы калктуу конуштар жана шаарлардын карамагындагы 55 айыл статусу бар конуштар орун алган.

“2023-жылдын 1-январына карата 39 айылдын ичүүчү суу системасы курулуп бүтүп, 90808 адам ичүүчү суу менен камсыздалды. Анын ичинде: Чүй облусунда 9 айыл, Ысык-Көл облусунда – 4, Жалал-Абад облусунда – 14, Ош облусунда – 9, Баткен облусунда – 1 жана Нарын облусунда 2 айылда бүткөрүлгөн”, — деди.

Ошондой эле баяндамачы республикалык бюджеттин эсебинен ишке ашырылып жаткан долбоорлорго токтолуп, 2022-жылдын 31-декабрына карата республикалык бюджеттин “Капиталдык салымдар” беренеси аркылуу таза суу тармагына 771,42 млн сомго калжылоо ачылып, 82 объект киргизилгенин кошумчалады.

Талкуу маалында депутат Балбак Түлөбаев эл аралык донорлордун эсебинен ишке ашырылып жаткан долбоорлор тууралуу сөз кылып, Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган долбоор боюнча 2025-жылга чейин суу менен камсыз болбогон бир дагы айыл калбайт деген маалымат канчалык деңгээлде чын экенине кызыгып, “Учурда канча айылда ичүүчү суу жок?”, — деп сурады.

Жолдошбек Абдыраев учурда Кыргызстанда 346 айылда ичүүчү суу тутумдары такыр жок экенин маалымдады.

Ал эми, депутаттар Нурбек Алимбеков, Алишер Эрбаев эл аралык донорлор аркылуу ишке ашырылып жаткан долбоорлорго токтолуп, биринчи кезекте узак мөөнөттүү курулуштарды бүтүрүү зарылдыгын белгилешсе, депутат Султанбай Айжигитов министрлер кабинетин суу менен камсыздоо иштерин мамлекеттик деңгээлде жүргүзүүгө чакырды.

Мындан тышкары, депутат Алишер Козуев калкты таза суу менен камсыз кылуу боюнча министрлер кабинети тарабынан системалуу иш жүргүзүлбөй жатканына көңүл буруп, Кара-Суу районундагы «Таза суу» долбоору 7 жылдан бери бүтпөй жатканын кошумчалады.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>