Кыргызстанда алгачкы жолу ДНК-изилдөөлөр боюнча эксперттер сертификатталды

06.08.2026 | 13:59
Кыргызстанда алгачкы жолу ДНК-изилдөөлөр боюнча эксперттер сертификатталды — Новости Кыргызстана

Кыргызстанда алгачкы жолу «Адамдын ткандарын жана бөлүндүлөрүн молекулярдык-генетикалык изилдөө жана биологиялык туугандыкты аныктоо» адистиги боюнча соттук эксперттерди сертификациялоо жүргүзүлдү, деп билдирет Юстиция министрлигине караштуу Соттук-эксперттик кызмат.

Кыргызстанда алгачкы жолу ДНК-изилдөөлөр боюнча эксперттер сертификатталды — иллюстрация

Мекеменин басма сөз кызматы тактагандай, квалификацияны жогорулатуу курсу бир ай бою КР ИИМинин Эксперттик-криминалистикалык кызматынын молекулярдык генетика ДНК-лабораториясынын базасында өтүп, Кыргызстан менен Орусиянын тармактык түзүмдөрүнүн кызматташуусунун аркасында ишке ашты.

«Сабактарды соттук молекулярдык генетика тармагында практикалык тажрыйбасы бар Орусиянын ИИМнин Эксперттик-криминалистикалык борборунун адистери өткөрүштү. Окутуунун жүрүшүндө соттук молекулярдык генетиканын заманбап ыкмалары үйрөнүлүп, ДНК-лабораториясынын жогорку технологиялык жабдуулары менен иштөө өздөштүрүлдү жана молекулярдык-генетикалык изилдөөлөрдү жүргүзүү боюнча практикалык көндүмдөр бекемделди», — деп айтылат маалыматта.

Курстун жана квалификациялык экзамендин жыйынтыгы боюнча аттестациядан ийгиликтүү өткөн адистерге компетенттүүлүк сертификаттары берилди.

Кыргызстанда алгачкы жолу ДНК-изилдөөлөр боюнча эксперттер сертификатталды — фото 5

Комиссиянын курамына Соттук-эксперттик кызматтын өкүлдөрү гана эмес, орусиялык соттук эксперттер, ошондой эле Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин биология кафедрасынын геномдук изилдөөлөргө адистешкен окутуучулары да киргени белгиленет.

«Сертификатталган адистерди даярдоо соттук изилдөөлөрдүн сапатын жогорулатууга, эксперттик практиканын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жана өлкөнүн соттук молекулярдык-генетикалык экспертиза жаатындагы кадрдык потенциалын бекемдөөгө мүмкүндүк берет», — деп белгилешти мекемеден.
Scroll to Top